Опубликовано
03.06.2022, 09:00Ушул жылдын январь-май айларында Мамлекеттик салык кызматы бюджетке 60 млрд 866 млн сом салык жана төлөмдөрдү жыйнады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бекитилген план 102,1 %га аткарылды же салык 1 млрд 245,6 млн сомго ашык чогултулду.
2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу каражат 22 млрд 436 млн сомго көп жыйналды (өсүү ыргагы 158,4 %).