Жыл башынан бери Баткен облусуна 439,3 млн сом бөлүндү

14.12.2023, 11:21 Акчабар
Жыл башынан бери Баткен облусуна 439,3 млн сом бөлүндү

Быйыл 11 айда Баткен облусуна республикалык бюджеттен жалпы суммасы 439,3 млн сомдук бюджеттер аралык трансферттер келип түшкөн. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен:

  • теңдөө трансферти – 302,3 млн. сом;
  • ыйгарым укуктуу мамлекеттик өкүлчүлүктөр – 27,9 млн сом;
  • электр энергиясы үчүн 50% компенсация – 45,4 млн сом;
  • жер салыгы боюнча жоготуулардын ордун толтуруу үчүн – 13,6 млн сом;
  • бирдиктүү салык компенсациясына – 50,1 млн сом;

Мындан тышкары, Баткен районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөттөрүнүн) электр энергиясына болгон чыгымдарын каржылоого республикалык бюджеттен 13,8 млн сом бөлүнгөн.

Ошондой эле мамлекеттик программага 500 млн сом, компенсация 39 млн сом каржыланды.

Тэги: Баткен акча каражаты бюджет

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть