Жыл башынан бери өнөр жай продукцияларынын көлөмү 80 млр сомду түздү

13.04.2022, 15:17 Акчабар
Жыл башынан бери өнөр жай продукцияларынын көлөмү 80 млр сомду түздү

Өнөр жай продукцияларынын көлөмү 2022-жылдын январь-март айларында 80 млрддан ашык сомду түздү жана өткөн жылдын январь-март айларына салыштырмалуу 7,3%га жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, буга фармацевтикалык продукциялардын 21,3%га, мунай заттардын 31,8%га, жыгач жана кагаз буюмдары, полиграфиялык ишмердүүлүктүн 25,5%га, негизги металлдар жана даяр металл буюмдарынын, унааларды жана жабдууларды кошпогондо 20,3%га өсүшү себеп болду.

Мындан тышкары, тамак-аш продуктулары (суусундуктар менен) жана тамеки заттарынын 14,1%га, текстиль өндүрүшүндө, кийим жана бут кийим, териден жасалган буюмдардын 5,8%га, ошондой эле пайдалуу кендерди казып алуунун 0,3%га өсүшү таасирин тийгизди.

Өнөр жай продукциясынын көлөмү
(өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

Ошондой эле курулуш, айыл чарба жана дүң соода тармактарында оң тенденциялар байкалды, алардын көлөмү курулушта - 2,2 пайызга, айыл чарбасында - 2,3 пайызга дүң жана чекене соода – 6,7 пайызга жогорулады.

Тэги: өнөр жай продукциялары фармацевтикалык продукциялар мунай заттар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть