Жылуулук энергиясынын баасы 10 пайызга жогорулады

02.11.2023, 15:00 Акчабар
Жылуулук энергиясынын баасы 10 пайызга жогорулады

Бишкекте жылуулук бериле баштады, бирок жылуулук үчүн төлөм да өстү. Жылуулук энергиясынын жаңы тарифтерине ылайык, 2023-жылдын 1-июнунан тарта бир гигакалориянын баасы 10%га, башкача айтканда, калк үчүн 1 миң 248 сомго чейин көтөрүлгөн.

“Бишкек жылуулук тармагы” ишканасынын эсептөөлөрүнө таянсак, бир бөлмөлүү батирдин ээлери үчүн жылуулук баасы жылына 407 сомго, ал эми 4 бөлмөлүү батирдин ээлери үчүн 926 сомго кымбаттайт.

Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу департаменти жылуулук энергиясына тарифтер көтөрүлгөнүнө карабастан, дагы деле электр энергиясы өздүк наркын актабай жатканын кошумчалады.

Министрлик бааларды көтөрүү аркылуу жылуулук менен камсыздоо системасын кайра калыбына кетирүүнү жана жаңылоону көздөп жатат.

Тэги: жылуулук күз-кыш Бишкек жылуулук тармагы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть