
Published
10/21/2026, 16:51Бүгүн, 21-октябрда Бишкекте өткөн республикалык кеңешмеде президент Садыр Жапаров Кыргызстан 2030-жылга чейин жетишиш керек болгон максаттардын айрымдарын атап, мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берди.
Жапаров айтымында, 2030-жылдын аягына чейин Кыргызстан макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылыш керек; ички дүң продуктунун (ИДП) реалдуу өсүшүнүн орточо жылдык темпин 8% деңгээлинде кем эмес сактап калуу зарыл; чет өлкөлүк түз инвестициялардын агымынын көлөмүн жыл сайын 20%га көбөйтүү кажет.
Буга байланыштуу ал министрлер кабинетине жана борбордук мамлекеттик органдарга 10 тапшырма берди.
1. Жогоруда белгиленген милдеттерди ишке ашыруу боюнча тиешелүү чаралар көрүлсүн.
2. Сот бийлигинин органдары менен биргеликте жеке менчикти коргоонун жана ишкерлерди колдоонун бирдиктүү концепциясы иштелип чыксын, анын ичинде мамлекеттик органдардын иши жарандардын жана бизнестин укуктарын коргоого багытталып кайра түзүлсүн.
3. Экспортко багытталган сервистик-индустриалдык өнүгүү модели иштелип чыгып, сунушталсын.
4. Ата мекендик товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү активдүү илгерилетүүгө багытталган соода жана бажы саясаты модернизациялансын.
5. Уруксат берүүчү документтерди алууну, инвестициялык макулдашууларды түзүүнү жана инвесторлорду коштоп жүрүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча иштер улантылсын.
6. Өлкө ичинде түзүлүүчү кошумча наркты максималдуу көбөйтүүгө багытталган туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү чынжырчасы калыптандырылсын.
7. Каржылоо системасы экономиканын реалдуу секторундагы долбоорлорго узак мөөнөттүү инвестиция салууга багытталып трансформациялансын.
8. Билим берүү системасы экспортко багытталган сервистик-индустриалдык өнүгүү моделине ылайыкташтырылсын.
9. Калктын социалдык жактан аялуу катмарларын даректүү колдоо боюнча иш улантылсын.
10. Аймактарды күчтөндүрүүнү эске алуу менен бюджеттер аралык мамилелерди кайра карап чыгуу боюнча сунуштар киргизилсин.



