1-сентябрда транспорт жана кыймылсыз мүлк салыгын төлөө мөөнөтү аяктайт

18.07.2022, 12:34 Акчабар
1-сентябрда транспорт жана кыймылсыз мүлк салыгын төлөө мөөнөтү аяктайт

Мамлекеттик салык кызматы бир катар салыктарды төлөө мөөнөтү жакындаганын эскертет. Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, ушул жылдын 1-сентябрынан кечиктирбестен төмөнкүлөрдү төлөө керек:

  •  транспорт каражатына салык,
  • турак үй, батирге салык (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган),
  • үй жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарба жер участокторуна салык.

Салыкты өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5 миң сом суммасында айып каралган.

Белгилеп кетсек, ушул жылдан баштап мүлккө, турак жайга жана транспорт каражатына мүлк салыгы боюнча маалыматтык эсептөөлөрдү толтуруу жана салык органдарына тапшыруу зарыл.

Тэги: налог на транспорт налог на недвижимость

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу