Таласта 16 гектар жер мамлекетке кайтарылды

23.04.2021, 11:30 Акчабар
Таласта 16 гектар жер мамлекетке кайтарылды

Талас облусунун Кара-Буура районунун прокуратурасы жеке менчикке мыйзамсыз берилген жер тилкесин мамлекетке кайтарып берди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

"Чолпонбай" айылдык кеңешинин жооптуу адамдары 2005-жылы жер мыйзамдарын бузуп, жалпы аянты 16 гектар болгон жайытты жергиликтүү тургун А.Эге жеке менчикке берип коюшкан. Мыйзамга ылайык, жайыттар мамлекеттин гана менчигинде болот.

"Чолпонбай айылдык кеңешинин чечиминин негизинде райондук мамкаттоо кызматы тарабынан жогоруда аталган кыймылсыз мүлккө жеке менчик укугу жөнүндө тиешелүү акт түзүлгөн", - деп айтылат билдирүүдө.

Бул факты боюнча айыл өкмөтүнүн жооптуу адамдарына жана аймактык каттоо кызматына карата материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды. Сот прокуратуранын өтүнүчүн канааттандырып, жерди мамлекетке кайтарып берди.

Тэги: прокуратура пастбища

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу