1-марттан тарта чек араны ID-карта аркылуу кесип өтүүгө убактылуу чектөө кирет

01.03.2020, 15:00 Акчабар
1-марттан тарта чек араны ID-карта аркылуу кесип өтүүгө убактылуу чектөө кирет

2020-жылдын 1-мартынан тарта мамлекеттик чек араны ID-карта аркылуу кесип өтүүгө убактылуу тыюу салынат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын өкмөтүндө өткөн коронавирустук инфекцияны өлкөнүн аймагына киргизбөө жана жайылтпоо боюна түзүлгөн республикалык Штабынын отурумунда айтылган.

Аталган чара жарандарды коопсуздоо жана учурдагы чек арадагы кырдаалды көзөмөлдөө максатында киргизидип жаткандыгы белгиленүүдө. Буга чейин эпидемиологиялык кырдаал начар мамлекеттерден Москвага учуп келип, Кыргызстанга ID-карта аркылуу кирүүгө аракет кылган жарандар аныкталып, алар карантинге жаткырылган.

Республикалык штаб жарандарды эстүүлүккө жана жоопкерчиликке чакырып, өлкөдөгү жарандарга залал келтирүүчү иш-аракеттерди кылбоону суранууда.

Республикалык штабдын өкүлдөрү жарандарды эл жыш чогулган жерлерден алыс болуп, өздүк гигиенаны дыкат сактоого чакырууда.

Андан сырткары штаб элди расмий, тастыкталган маалыматтарга гана ишенүүгө чакырууда. Социалдык тармактар жана мессенджерлер аркылуу туура эмес маалыматты таратып, элди тынчысзданууга салган жарандарга карата катуу чаралар көрүлөт.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу