Премьер-министр салыктык жана бажылык жол-жоболорду фискалдаштыруу быйыл Өкмөттүн артыкчылыктуу багыты болуп саналарын белгиледи. Бул тууралуу ал өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери менен өткөн кеңешмеде билдирди.
«2020-жыл салыктык жана бажылык жол-жоболорду фискалдаштырууга багытталат. Биз үчүн бардык процесстердин ачык-айкындуулугун камсыз кыла турган салыктык жана бажылык башкарууну санариптештирүүнү камсыздоо маанилүү. Биздин максат – көмүскө экономиканын деңгээлин төмөндөтүү жана өлкө бюджетинин кирешесин көбөйтүү», - деди Премьер-министр.
Министрлер кабинетинин жетекчисинин айтымында, калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу, социалдык мааниси бар долбоорлорду ишке ашырууда мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү боюнча долбоорлорго өзгөчө көңүл буруу керек.
«2020-жыл финансылык тартип жылы болот. Быйыл парламенттик шайлоо, жалпы улуттук каттоо жана Токио шаарында биздин спортчулар катыша турган кезектеги Олимп оюндары сындуу маанилүү иш-чаралар болот», - деп Мухаммедкалый Абылгазиев сөзүн жыйынтыктады.