Быйыл 234 бүтүрүүчү артыкчылык аттестатын алды

29.06.2020, 15:00 Акчабар
Быйыл 234 бүтүрүүчү артыкчылык аттестатын алды

Быйыл «Алтын тамга» сынагына 1250 талапкер катышып, 234 бүтүрүүчү (19%) артыкчылык аттестатына татыктуу экендигин тастыктады. Өткөн окуу жылында 182 бүтүрүүчү (17%) артыкчылык аттестатын алган. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Министрликтин чечимине ылайык, «Алтын тамга» жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясы санитардык-эпидемиологиялык талаптарды так сактоо менен (дене табын өлчөө, колдорду зыянсыздандыруу, жеке орундуктарды бири-биринен 1,5 метр аралыкта жайгаштыруу, талапкерлердин тыгынын алдын алуу үчүн тестке катышуу убакыттарынын графиктери) бардык облустук борборлордогу жана Бишкек шаарындагы тест ѳткѳрүү жайларында жүргүзүлдү.

Быйылкы жылдын өзгөчөлүгү – сынак реалдуу режимде планшеттер менен ѳткѳрүлдү. Талапкерлер тест тапшырып бүтөрү менен жыйынтыктарды дароо алып жатышты.

Тэги: Алтын тамга Бүтүрүүчү аттестат

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу