КР коммерциялык банктардын насыя портфели 146.4 млрд сомго өстү. Анын ичинен дээрлик 54% (95 млрд сом) улуттук валютада берилген. Бул тууралуу Улуттук банк билдирет.
Улуттук валюта менен насыянын басымдуу бөлүгү - 26.4 млрд сом - айыл - чарбаны өнүктүрүүгө берилген. Андан соң соодага - 18.4 млпд сомго жана керектөөчү карыздар - 16.5 млрд сомго берилген. Ипотекалык насыянын көлөмү - 12.7 млрд сомду түзгөн.
Чет элдик валютада соода тармагына - 18.7 млрд сом, айыл чарба тармагына 1.3 млрд сом насыя берилген.