Бир күн ичинде 780 миң сомго «өзгөчө» унаа номерлери сатылды

12.11.2020, 10:35 Акчабар
Бир күн ичинде 780 миң сомго «өзгөчө» унаа номерлери сатылды

«Инфоком» мамлекеттик ишканасы тарабынан 11-ноябрда саат 11:11-17:11 чейин өзгөчө сан жана тамгалуу мамлекеттик номерлер онлайн-аукцион сайты аркылуу 780 миң сомго сатылган. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти. 

Белгиленгендей, кирешенин 91% мамлекеттик бюджетке которулат. 

Андан сырткары, ошол күнү баштапкы суммасы 7 млн 604 миң сомду түзгөн 158 аукцион пландаштырылган, анын ичинен 1 млн 660.5 миң сомго брондолгон 102 аукционсуз номерлердин ичинен 781.5 миң сомго 45 номер сатылган. 

Алардын ичинен төмөнкү тамгалуу номерлер эң популярдуу болгон: AMG, OOO, BMW, VIP, BBB.

«11-ноябрда онлайн-аукциондордун жаңыртылган nomer.srs.kg сайты «Инфоком» МИ аркылуу  ишке киргизилген. Бул өзгөчө номерди алууну каалагандардын көптүгүнөн улам демилгеленип, ишке ашкан. Тиешелүү жарлыкка 2020-жылдын август айында кол коюлган», — деп билдиришти МКК. 

 

Тэги: Инфоком Мамлекеттик ишкана өзгөчө номер

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу