Акча каражаты жана тамекини КР аркылуу Афганистанга мыйзамсыз өткөрүүгө шектелип бажы кызматкер кармалды

13.01.2020, 09:34 Акчабар
Акча каражаты жана тамекини КР аркылуу Афганистанга мыйзамсыз өткөрүүгө шектелип бажы кызматкер кармалды

Укук коргоо органдары тарабынан жалпы суммасы 253 500 долларды түзгөн акча каражаты жана тамекини Кыргызстан аркылуу Афганистанга мыйзамсыз өткөрүүгө шектелип Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкери кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, Мамлекеттик бажы кызматынын ички коопсуздук башкармалыгы менен биргеликте жалпы суммасы 253 500 долларды түзгөн акча каражаты жана Латвия өлкөсүнөн Кыргызстан аркылуу Афганистанга бара жаткан тамеки заттарын Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан уруксатсыз бажы транзитине киргизүү фактысы аныкталган.

Буга чейин аталган факты ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Ошондой эле Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Ушул жылдын 9-январында Мамлекеттик бажы кызматынын 38 жаштагы М.Б., аттуу кызматкери кармалып, КРдин Жазык процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык шектүү катары Бишкек шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

 

Тэги: акча каражаты тамеки Бажы бажы кызматы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу