Бир айда Кыргызстандын мамлекеттик карызы 11,7 млрд сомго өстү

04.08.2020, 10:32 Акчабар
Бир айда Кыргызстандын мамлекеттик карызы 11,7 млрд сомго өстү

Үстүбүздөгү жылдын 30-июнуна карата Кыргызстандын мамлекеттик карызынын көлөмү 4 миллиард 773,92 миллион долларды (362 миллиард 764,15 миллион сом) түзгөн. Бул тууралуу Финансы министрлигинен кабарлашты.

Белгилей кетсек, ушул жылдын май айына салыштырмалуу мамлекеттик карыз 11 миллиард 736 миллион 570 миң сомго көбөйгөн. Бул  негизинен өлкөнүн тышкы насыяларынын 11 миллиард сомдон ашыкка көбөйүшү менен шартталган.

Мамлекеттик карыздын түзүмүндө 86% (312 млрд 64,01 млн сом) тышкы карыз, 14% (50 млрд 700,14 млн сом) - республиканын ички насыялары.

Тэги: Мамлекеттик карыз Финансы министрлиги карыз өстү

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу