Бизнесмен «Азаттыктын» кабарчысына 50 млн сом талап кылууда

29.04.2019, 17:17 Акчабар
Бизнесмен «Азаттыктын» кабарчысына 50 млн сом талап кылууда

Милициянын отсавкадагы полковниги учурдагы ишкер Жалил Атамбаев  «Азаттык» радиосунун кабарчысы Ыдырыс Исаковго анын көмүскө бизнес, жашырылган салыктар боюнча изилдөөсү үчүн 50 млн сом талап кылууда. Бул тууралуу  «Азаттык» радиосу кабарлайт.

Милициянын отставкадагы полковниги Жалил Атамбаев «Азаттыктын» кабарчысы Ыдырыс Исаковду иликтөөсү үчүн Ош шаардык сотуна доо арыз менен кайрылып, Исаковдон 50 млн. сом моралдык чыгым өндүрүп берүүнү суранган. Мындан тышкары  Жалил Атамбаев 5 млн сомдон  Мирлан Маматов менен Марата Сайбидиновдон дагы өндүрүүнү талап кылууда. Бул эки  ишкер иликтөөдө  бизнестеги  алдамчылык фактылары тууралуу маалымат беришкен. 

Эскерте кетели, 17-апрелде «Азаттыктын» Оштогу кабарчысы Ыдырыс Исаков «Ош: салыктан буйтаган "ишкерлер"» деген аталыштагы иликтөөсүн жарыялаган. Иликтөөдө жылына Кыргызстандын казынасына көмүскө экономиканын айынан 40 млрд. сом түшпөй калары айтылып, салыктан качкан ишкерлер жөнүндө сөз болгон. Анда милициянын отставкадагы полковниги Жалил Атамбаев тууралуу кеп болуп, анын салыкка байланышкан аракеттери жана күмөндүү схемалары баяндалган. Бул иликтөөнү YouTube 380 миң адам көргөн. 

Иликтөөдө көрсөтүлгөн фактылар боюнча  22-апрелде Экономикалык кылмыштуулукка
каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы кылмыш ишин козгогон. Бул факт Бирдиктүү реестрде 232 берене «Салыкты төлөөдөн качуу (же)  башка милдеттүү төлөмдөн баш тартуу» деп сыпатталды.

Журналисттин укугун Институт медиа полиси уюму коргоого алат.

Тэги: Азаттык журналист иск предприниматель

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу