Бишкектиктер үчүн 4300дөн ашуун акысыз курстар ачылат

25.09.2020, 14:54 Акчабар
Бишкектиктер үчүн 4300дөн ашуун акысыз курстар ачылат

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жана Coursera (АКШ) уюму Coursera Workforce Recovery (жумушчу күчүн калыбына келтирүү) программасынын алкагында жумушсуздар жана башка каалоочулар үчүн акысыз онлайн-курстарды уюштурат. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Социалдык өнүктүрүү министрлиги дүйнөлүк Coursera (www.coursera.org) билим берүү онлайн-платформасы аркылуу Coursera Workforce Recovery (жумушчу күчүн калыбына келтирүү) боюнча билим берүү программасына акысыз катышууга жарандарды чакырат.

Платформада катышуучуларга IT, гуманитардык илимдер, экономика, физика, медицина, ишкерлик, маркетинг сыяктуу керектүү кесиптерге багытталган 4300дөн ашуун курстар, ошондой эле дүйнөдөгү эӊ мыкты деп табылган Stanford, Yale, Princeton, MIT сыяктуу университеттеринен сунушталат. Окуу курсту аяктагандан кийин, бүтүргөндүгү боюнча акысыз сертификат берилет жана аны менен дүйнөлүк мейкиндикте жумуш табуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

Программа COVID-19 пандемиясынын таасиринин шартында, жумушсуз калгандарга колдоо көрсөтүү жана жаңы ыкмаларды үйрөтүү менен эл аралык эмгек рыногунда жарандын атаандаштык жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга максатталган.

Катышуучулар 30-октябрга чейин англис жана орус тилдеринде курстарга жазыла алат жана курстун саны чектелбейт.

Окутуу программасына катышуу үчүн онлайн форманы кезектеги шилтеме аркылуу толтуруу зарыл.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу