Кечээ социалдык түйүндөр иштен чыкты. Facebook менен Instagram Европа, Россия жана кыргызстанда иштен чыкты. Бул тууралуу дүйнөлүк компаниялар түшүндүрмө бергенин Downdetector жазып чыкты.
«Instagram иштөөсүндөгү тоскоолдуктар АКШ чыгыш жээгинде саат 8:45 башталган», — деп жазылган маалыматта.
Instagram начар иштөосүнө АКШ, Британия менен Франциянын тургундары нааразы болушту. Ошондой эле, Испания, Португалия, Италия, Германия, Дания, Венгрия, Греция менен Канада дагы социалдык түйүндөр үзгүлтүккө учурган.
Ал эми Россияда айрыкча Москвада соцтармактар начар иштеген.
Facebookтармагындагы начар иштөөгө Борбордук Азия дагы , анын ичинде кыргызстан дагы кабылды.
Ал эми Facebook компаниясына тиешшелүү WhatsApp мессендери дагы начар иштегени байкалган. Анда фото, үн менен коштолгон маалыматтар менен файлдар жөнөтүлбөй, системада бузулуу байкалган.