Салыктарды электрондук түрдө төлөө киргизилди

02.07.2019, 10:57 Акчабар
Салыктарды электрондук түрдө  төлөө  киргизилди

Кошмуча нарк салыгын  төлөөчүлөр, импорттоочулар менен экспорттоочулар салык отчетун квалификациялык электрондук кол тамганы (ЭКТ) колдонуу менен электрондук документ түрүндө берүүгө өтүшөт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди. 

 

Мамлекеттик салык кызматы билдиргендей, кошумча нарк салыгынын төлөөчүлөр катары катталган, ошондой эле товарларды импорттоону жана/же экспорттоону жүзөгө ашырган уюмдар жана жеке ишкерлер үстүбүздөгү жылдын июль айынан тартып салык мезгили үчүн салык отчеттуулугун квалификациялык электрондук кол тамганы колдонуу менен электрондук документ түрүндө берүүгө өтүшөт.
 

Ушуга байланыштуу, аталган салык төлөөчүлөр электрондук салык отчетторун салык мыйзамдарында белгиленген тартипте жана мөөнөттө тапшырууга милдеттүү.
 

Алсак, ар ай сайын берилүүчү салык отчеттору 2019-жылдын август айынан тартып электрондук документ түрүндө берилет, ал эми квартал сайын берилүүчү салык отчеттору 3-кварталдын жыйынтыгы менен – үстүбүздөгү жылдын октябрь айында берилет.
 

Ушул мезгилден тартып электрондук түрдө салык отчетторун берүүгө милдеттендирилген салык төлөөчүлөрдү электрондук санариптик кол тамгасын керектүү программалар менен өз алдынча же өздөрүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү аркылуу күн мурдатан сатып алууга чакырабыз. Бул үчүн электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан аккредитациядан өткөн Адистештирилген операторлорго кайрылуу зарыл.
 

Кеңири маалыматты 1240 номурунан, www.sti.gov.kg сайтынан же аймактык салык органдарынан алууга болот.

 

Тэги: электронная подпись онлайн-отчет налогоплательщики налоги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу