Жалал-Абад облусунда пенсия, жөлөкпулдар убагында берилет

14.05.2020, 14:30 Акчабар
Жалал-Абад облусунда пенсия, жөлөкпулдар убагында берилет

Жалал-Абад облусунда пенсия, жөлөкпулдар боюнча маселе жаралбайт. Бул тууралуу Жалал-Абад ТВ каналынын өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нурболот Мирзахмедов билдирди.

Түз эфирде Мирзахмедовго "каражаттын тартыштыгынан улам кийинки айларда пенсиялар берилбейт деп айтылууда, бул маалымат канчалык туура?" деген суроо узатылды.

«Бүгүнкү күндө бюджетте эч кандай тартыштык жок. Азыр пенсия, жөлөкпулдар берилип жатат. Анда кийин да эч кандай мүчүлүштүк болбойт. Социалдык фонддун төрагасы, эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри менен сүйлөштүк. Андай коркунучтар жок», — деп ал, Жалал-Абад облусу боюнча пенсия, жөлөкпулдар толук кандуу берилерин билдирди.

Тэги: Жалал-Абад пенсия жөлөкпул

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу