Каракол шаарынын жолдорун оңдоого 74 млн сом сарпталат

04.08.2020, 10:00 Акчабар
Каракол шаарынын жолдорун оңдоого 74 млн сом сарпталат

Аймактардагы ички жолдордун ремонту өзгөчө көзөмөлдө. Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусуна барган иш-сапарынын алкагында 3-августта билдирди.

Өлкө башчы Ысык-Көл облусунун ички жолдорун реконструкция кылуу жана курулуш иштери менен таанышты.

«Каракол шаарында башкы көчөлөрдүн бири болуп саналган Жусуп Абдрахманов көчөсү оңдолуп-түзөлүүдө.

Бул жол 1970-жылдан тартып оңдоло элек. Жалпы наркы 74 млн сом болгон бул жолдун ремонту ушул жылдын 1-ноябрына карата аякташы керек. Долбоорду Ысык-Көл облусунун Өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекция каржылоодо», - деп жазылат маалыматта.

Президентке аталган жолдун жалпы узундугу 2,3 километрди түзөөрү маалымдалды. 2019-жылы аталган жолдун Карасаев көчөсүнөн тартып Коенкөзов көчөсүнө чейинки 673 метр бөлүгү реконструкцияланган.

Бүгүнкү күндө Абдрахманов көчөсүнүн Токтогул көчөсүнөн тартып Пржевальск көчөсүнө чейинки 1100 метр аралыктагы (айланып өтмө жолу) бөлүгүндө капиталдык иштер башталды.

Мамлекет башчысы ошондой эле Ак-Суу районундагы Теплоключенка айылындагы жолдордун ремонтунун жана курулушунун жүрүшү менен таанышты. Анын ичинде, айылдын үч көчөсүнө асфальт төшөлүүдө, иштин жыйынтыкталышы үстүбүздөгү жылдын 25-августуна пландаштырылган. Бул максатка 15 млн сом бөлүнгөн.

Тэги: Каракол шаары, жолдорду оңдоо, Сооронбай Жээнбеков, Балбак Түлөбаев,

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу