Улуттук банк музейине эшигин ачат

03.05.2019, 09:47 Акчабар
Улуттук банк музейине эшигин ачат

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Эл аралык музей күнүнө карата бардык кызыккан адамдарды Улуттук банктын музейинде 2019-жылдын 17-майында өтө турган Ачык эшик күнүнө чакырат. 

Музейге келген адамдар улуттук валютанын өнүгүү тарыхы менен таанышып, банкноттор кандай жасала тургандыгы тууралуу маалымат алуу менен катар эле, Улуу Жибек жолу доорунан тартып Кыргызстандын аймагында табылган кайталангыс байыркы монеталар экспозициясын көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Ошондой эле, музейде Улуттук банк тарабынан 25 жыл ичинде чыгарылган коллекциялык монеталардын жана чет өлкө акча белгилеринин үлгүлөрүнүн экспозициялары жайгаштырылган. 

Экскурсия саат 10.00дөн 16.00гө чейин өткөрүлөт. 

Кирүү акысыз. Инсандыгын тастыктаган документи (паспорт, студенттик билет, айдоочунун күбөлүгү) болууга тийиш. 

Экскурсияга төмөнкү телефондор аркылуу: 0 312 66-90-08; 0552-66-90-08 алдын ала жазылууга болот деп билдирди Улуттук банктан. 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу