Улуттук банк укуктук ченемдик актыларга өзгөртүү маселеси боюнча жолугушуу өткөрдү. 2019-жылдын 4-июлунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында төлөм системаларынын операторлорун жана төлөм уюмдарын лицензиялоо жана жөнгө салуу, ошондой эле электрондук акчалар боюнча ченемдик укуктук актыларды талкуулоонун алкагында мобилдик байланыш операторлорунун жетекчилери менен («MegaCom», «Beeline», «О!» соода маркалары), «KG төлөм системаларынын операторлору ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмеси жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы менен жолугушуу болуп өттү.
Жолугушуу учурунда төмөнкү маселелер талкууланган:
Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөө үчүн абоненттердин өздүк эсептеринен акча каражаттарын кайтаруу жагында мобилдик байланыш операторлору тарабынан сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануучуларды баскыч-баскыч менен идентификациялоо иштерин мобилдик байланыш операторлору менен бирге жүргүзүү чечими кабыл алынды.