КР менен Пенза облусу бирге кызматташуунун перспективдүү жактарын талкуулашты

04.03.2020, 12:10 Акчабар
КР менен Пенза облусу бирге кызматташуунун перспективдүү жактарын талкуулашты

КР соода өнөр-жай палатасы менен Россия Федерацисынын Пенза облусунун бизне өкүлдөрү менен бирге Кыргызстанда жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу КР соода өнөр-жай палатасынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, бул жолугушуу үчүнчү ирет өткөрүлүп жатат. Пенза облусу Орусиянын кондитердик азыктарын 20%, эмеректерин 20% жана канаттуулар эти менен коргоо системаларын жалпысынан 80%  камсыз кылат.

Бул ирет Кыргызстан Орусиянын ата мекендик өндүрүүчүлөрү менен болгон өнөктөштүк мамилени чыңдоо максатында төмөнкү компаниялар чакыртылган: ООО «БиоЭра-Пенза», ООО ТД «Парафарм», ООО «Завод трубопроводных систем», ООО «ЦеСИС Монтаж.

«Пенза облусунда кичи жана орто бизнес активдүү өнүгүп жатат. Биз Кыргызстанда дагы бизнестер жакшы өсүп жатканын билебиз. Ошол себептен Кыргызстан менен эки тараптуу, перспективдүү мамилени түзүп аларыбызга ишенебиз», — деп билдирди Пенза облусунун Соода-өнөр-жай палатасынын өкүлү Владимир Паршин. 

Тэги: КР Пенза облусу бизнес жолугушуу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу