«Акнеттин» президенти менен бухгалтери камакка алынды

29.05.2019, 09:30 Акчабар
«Акнеттин» президенти менен бухгалтери камакка алынды

«Акнет»  ЖЧК  компаниясынын  президенти Кубан Ажимудинов менен бухгалтер, ошондой эле «Стройсеть» ЖЧК башкы директору камакка алынды. Бул тууралуу Кыргызстандын ИИМ билдирди. 

Кармалгандарды КР Кылмыш кодексиндеги 205 беренеси боюнча «ишеним кылыган мүлккөө ээ болуу жана коротуу»  боюнча күнөөлөнүп жатат. Учурда кармалгандар Бишкек ИИБ убактылуу камоочу жайга камалышты. 

Айтмакчы, бул чатак 2018-жылы башталган.  Анда«Акнеттин»  башчысы Руслан Абдумажитов  пресс-конференцияда компаниядагы мыйзам бузуулар тууралуу айтып чыккан. Анын билдирүүсүнөн улам «Акнет» Кубан Ажимудинов кызматтык абалын кыянаттык менен колдонуп, эки негиздөөчүнү чекитеп, маалыматтарга киргизбей койгон  — Руслан Абдумажитов менен Аскар Кутанов сыртта калышкан.

Мындан тышкары Абдумажитовдун билдирүүсүндө,  «Акнеттин» президентти дайыма түшкөн кирешелерди жашырып келген (түшкөн киреше, дивидендердин пайдасы, албетте салык жана социалдык төлөмдөр тууралуу).

 «Акнеттин» негиздөөчүлөрү ММК чыкандан кийин  тиешелүү органдар бул чатакка кийлигишип баштаган. Учурда  кылмыш жаза кодексиндеги 221 берене  «Кызматтык, коммерциялык абалынан пайдаланып кыянаттык кылуу»  боюнча күнөө коюлууда. 

Былтыр ноябрда «Акнетте» тинтүү жүргөн. 

Башында Финансы полициясы, кийин Башкы прокуратура ишти ИИМ берген. Анткени, тергөө  калыс жүрбөй жатат деп нааразычылык болгон. 

Тергөө маалында белгилүү болгондой 2017-жылы «Акнет» компаниясына абоненттик толөм катары 1 млрд сом түшкөн.  Бирок, компания киреше катары болгону 195 млн көрсөтүп, калган сумманы чыгашага чыгарып койгон. Ал эми 2018-жылы компанияга 1.2 млрд  ашык сом  абоненттик төлөм үчүн жүргөн. 

«Тергөө маалында компаниянын жетекчилиги тарабынан негизсиз чыгашалар жасалып, болгону 150 млн сом киреше көрсөтүлгөн. «Акнетте»  11 аффилиринген же туум компаниялары болуп, анын ичинде «Стройсеть»,   2016 - 2018-жылга чейинки аралыкта 101 млн 99.4  мин сомду көрсөткөн кызматы үчүн төлөгөн. Которулган акча нак чыгарылып, эч бир документте көрсөтүлөй кеткен», —деп билдирет ИИМ. 

Мындан тышкры текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча 2016-2018-жылдары үч компания  тарабынан 14 млн 176  мин сом «Акнет» тарабынан мыйзамсыз жоюлган.

Тэги: Акнет скандал финансовые нарушения

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу