Россиядан Кыргызстанга дан эгиндеринин үрөндөрү экспорттолот

19.02.2021, 16:50 Акчабар
Россиядан Кыргызстанга дан эгиндеринин үрөндөрү экспорттолот

Айыл чарба, суу жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков Россиянын Бириккен дан компаниясынын директорунун биринчи орун басары О. Солдатенков жана компаниянын өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар буудай, ун азыктарын жана дан эгиндеринин үрөндөрүн Кыргызстанга экспортоо ошондой эле эт азыктарын сатуу, сатып алуу боюнча узак мөөнөттөө кызматташууну талкуулашты.

Россиянын бириккен дан компаниясынын өкүлдөрү бир катар ишканалар менен жеринен таанышканын билдирип, кызматташууга даяр экенин билдиришти.

Тэги: Россия министр дан эгин

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу