Кыргыз Республикасынын экономикалык абалына байланыштуу, айрым мамлекеттик чек аралар жабылды, жарандардын кыймыл аракетине чектөө киргизилди жана валютанын абалды өзгөрүлгөнүнө караштуу Фонддун башкармалыгы каржылоону Фонддун линиясы аркылуу банктардан жана мфу - өнөктөштөрдөн алган кич- орточо бизнестин субъектилерине антикризистик пландын экинчи пакетин түзүп чыкты. Бул тууралуу Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунан билдиришти.
Антикризистик ыкчам пакетин төмөнкүлөрдү камтыйт:
- Башкы карызды жана кредитти 3 айга узартылган мөөнөттө төлөп берүүгө болот.
- АКШ доллар менен каржыланган пайыздарга мараторий үч айга каралган.
- Коммерциялык Банкта кепилдик менен камсыздандырылгандарга шарттар жумшартылды.
- Кредит төлөөдөгү бул ырааттама базар шартындагы олуттуу өгөрүүлөргө байланыштуу болгондуктан, реструктаризация деп саналбайт.
Сурап билүү телефон: 0770900909 .
Фонддун линиясы аркылуу каржыланган кичи -орто бизнестин субеъктилери колдоо алуу үчүн банк же каржылоону колдогон МФУ өнөктөшкө кайрылуусу заарыл.