Кыргызстан менен Ирандын ортосунда товар айлантуу $27 млн жетти. Бул тууралуу Ирандын Кыргызстандагы элчиси Али Моджтаба жолдор жана транспорт министри Жанат Бейшенов менен жолугушуу малында айтты.
Анын айтымында, 2016-жылы элчи болуп Кыргызстанга келгенде эки мамлекеттин товар жүгүртүүсү $14 млн болчу. Ошондуктан, эки тарап соода сатык алакаларын күчөтүшү зарыл.
Кыргызстандын бажы кызматынын маалыматына таянсак, 2019-жылдагы 5 айда Ирандан кирген импорттун көломү $6 млн 665.9 миңге жетсе, Иранга карай жасалган кыргыз экспорту — $11 млн 242.5 миң болгон. 2018-жылдагы дал ушул чакка салыштырсак, эки тарап тең экспорт менен импортун көлөмүн көбөйткөн: $1 млн 207.4 миңди $7 млн 329.3 миңге көбөйгөнун байкоого болот.