Өзбек жана Таджикстандын дарыбыздары ден соолукка зыяндуу

25.06.2019, 13:28 Акчабар
Өзбек жана Таджикстандын дарыбыздары ден соолукка зыяндуу

 Бишкекке Өзбекстан менен Таджикстандан дарбыздары менен коондору ташылып келинүүдө. Бирок, алардын курамында нитраттар нормадан ашык болууда. Бул тууралуу мамлекеттик ветеринария жана фитосанитария коопсуздуг боюнча мамлекеттик инспекция эскертет.

Оштун борбордук базарларында дарыбыз, коондордогу химикаттар нормадан 15 эсе жогору болгону аныкталган. Демек, бул адамдардын ден соолугу үчун өтө кооптуу. 

«Биз өзүбүз дарыбыз менен  коондордун сапатын текшере албайбыз. мындан он күн мурда Ош шаардык ветеринария жана фитосанитария кызматы текшерүү жүргүзүп, нитраттар нормадан жогору экенин атайын аппарат менен аныкташкан. Дарыбзда  150% болгон. А нормада 10% ашпоосу абзел. Ал эми коондогу нитраттардын деңгээли да 150% жетип, ал дагы нормадан алда канча жогору болгон», —деп билдирген түштүк аймак боюнча ветеринардык жана фитосанитардык диагностика жана экспертиза борборунун директору  Ислам Абдумомунов.

Жогорудагы фактылар калктын саламаттыгына өтө коркунучтуу. 

«Баардык жемиштин бышуу сезону бар. Коон менен дарбыздын бышчу мезгили июль-август. Бирок, ага  карабай фермерлер жер-жемишти дарылоо менен эрте бышырып, адамдардын ден соолугуна залал келтирүүдө. Мындай дарбыз, коондор базарларда сатылбашы керек », — деп белгиледи Абдумомунов.

Жогорудагы дарылоо жолу менен жетилген дарбыз, коондор Өзбекстан менен Таджикстандан Баткен аркылуу кирип жатат. Эми жер-жемиштерди  өсүмдүктөрдүн карантин департаментинин башчысы  Эркин Кадыров көзөмөлгө алынарын билдирген.

«Биз  Кара-Суудагы «Достук» чек ара өтмөгү аркылуу кирген жер-жемиштерге жооптуубуз.  Бул жемиштер Баткен аркылуу кирсе керек. Акыркы он беш күндө Өзбекстан, гилас, жүзүм жана картөшкө жер жемиш гана ташышкан», — деп кошумчалады ал. 

Ал эми Баткен областынын өсүмдуктөрдүн карантин башкармалыгынын башчысы   Шерали Мидинов акыркы 10 күндө Таджикстандан дарбыз, коон ташылбай, жер жемиш гана откөн. Бул контрабанда жолу менен Кыргызстанга кирген болуш керек деп билдирди. 

«Областа беш чек ара өтмөгү бар. Таджикстандан акыркы он күндө дарбыз, коон кирген жок. Булар контрабанда жолу менен өтсө керек», —деп билдирди. 

Тэги: арбузы дыни Узбекистан Таджикистан нитраты

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу