9-июнда Central Eurasian Leadership Alliance (CELA KG) аттуу жогорку технологиялар паркы (ЖТП) жана Кыргыздардын программалык камсыздоо ассоциациясы (КАРПОУ) «Кыргызстан — келерки глобалдуу IT-дестинация» -аттуу форумун уюштурууда.
Бул форумдун максаты — өлкөдөгү IT-рыногун мыкты, ишенимдүү кызмат көрсөтө аларын таанытуу, ошондой эле IT-адистерин дүйнөлүк рынокко чыгаруу.
Форумга АКШ, Германия, Британия, Малайзия, Индонезия, Израиль, Сауд Араб мамлекеттери, Оман, Египет, Тунис, Шри-Ланка, Иордания, Пакистан, Афганистан,Монголия менен Борбордук Азиядан 80 ири компаниялардын жекчилери менен инвесторлору IT-уюмдар менен Кыргызстандын бизнес коомчулугу катышат.