«КТ Мобайл» компаниясындагы мыйзам бузуулар Башкы прокуратурага берилди

27.06.2019, 09:46 Акчабар
«КТ Мобайл»  компаниясындагы мыйзам бузуулар Башкы прокуратурага берилди

 «КТ Мобайл» ишмердигинде бир нече мыйзам бузуулар Башкы прокуратурага берилди. Бул тууралуу «КТ Мобайл» боюнча түзүлгөн депутатык комиссиянын төрагасы Курманкул Зулушев парламенттеги жыйында билдирди. 

Анын  айтымында комиссия  Мамлекеттик маалымат жана технология, байланыш комитетин, Мамлекеттик мүлктү башкруу фондунун, «Кыргызтелеком» ААК, «Мегаком» компаниясы менен башка тийштүу мамлекеттик органдарды «КТ Мобайл» иши боюнча изилдөө  жасап чыгышкан. 

«Биз  «КТ Мобайл» компаниясынын финансы-чарбалык ишмердигин текшерүүгө алдык. Ошентип, «КТ Мобайл» компаниясы бир нече мыйзам бузууларга барган», -деп билдирди  Зулушев.

Мындан тышкары «Мегаком» компаниясынын директоруна коркутуулар болгонун билдирди.

Эскерте кетели,  «Мегакомом» менен «КТ Мобайл» компаниясынын ортосунда чыр чатак чыгып, мамлекеттик уюлдук компаниянын директору Акылбек Жамангулов парламентте ага  Иманкадыр Рысалиев тарабынан коркутуулар болуп жатканын жарыялап чыккан. Ал эми Иманкадыр Рысалиев  премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасы болуп чыканын ММК жазып чыгышкан. Ошондо,  «КТ Мобайл» компаниясынын директорунун орун басары Иманкадыр Рысалиевдин уулу  Эрназар Рысалиев  бул жалган маалымат деп билдирген. 

Тэги: депутатская комиссия Курманкул Зулушев

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу