Кыргызстанда баалуу кагаздар рыногу солгундай түштү

02.08.2019, 09:14 Акчабар
Кыргызстанда баалуу кагаздар рыногу солгундай түштү

Байкоого  салынган 22-26 июль  аралыгында баалуу кагаздар рыногундагы соода   99.77% ылдыйлаган. Ылдыйлоо баардык тараптарда болгонун «Сенти» финансы компаниясы билдирди.

Апта аралыгында 18(-1) соода болуп,  анда 11 миң  302(-6 212 597)  баалуу  кагаздар менен  5(-5) компания-эмитентти катышты. Жалпы  соода  1.29(-552.5) млн сомго жасаллды. Облигациялар сектор облигациялар акцияларга караганда  150 эсе жогору болду.

Негизги соода

15.07 - 19.07

22.07 - 26.07

Жогорулоо темпи +/-

Сооданын суммасы ( сом менен)

553 794 981.8

1 290 502

-99.77%

Баалуу кагаздардын саны

6 223 899

11 302

-99.82%

Сооданын саны 

19

18

-5.26%

Эмитенттердин саны

10

5

-50.00%

 

Акциялар сектору 

Бул аптада акциялардын соодасы солгундай түштү. Учурда  биржадагы жалпы сооданын 0.65% ылдыйлаган. Болгону эки компания катышып, эки жолу соода сатык уюшулган. Ири соода болгон жок.  

облигациялар сектору 

Облигациялар сектору  дагы ылдыйлаган. Анда жалпы сооданын  99.35% түштү. Рынокто  «Первая Металлобаза»,  «Салым Финанс»  «Ихсан-Орикс» облигациялары сатылды. Анда  16  соода жасалып,  3 компаниянын  баалуу  кагаздары коюлган. 

Негизги соодалар

Акция

Салыштырмалуу салмак

Облигация

Салыштырмалуу салмак

 Соода (сом менен)

8 400

0,65%

1 282 102

99,35%

Баалуу кагаздардын саны

10 020

88,66%

1 282

11,34%

Жасалган сооданын саны

2

11,11%

16

88,89%

Эмитенттердин саны

2

40,00%

3

60,00%

 

Мамлекеттик баалуу кагаздар рыногу 

 2019-жылдын 23-июлдагы аукциондун жыйынтыгы :

  • Улуттук банктын 7-күндүк  ноталары  1.6 млрд сомго орточо салмакталган  3.68% (+0.03%) киреше менен жайгаштырылды;
  • Улуттук банктын 28-күндүк  ноталары 358 млн сомго орточо салмакталган  4.19% (+0.05%) киреше менен жайгаштырылды;
  • Улуттук банктын 91-күндүк  ноталары 404.1 млн сомго  орточо салмакталган  4.25% (+0.00%) кирешеси менен жайгаштырылды.

 

Тэги: ценные бумаги гособлигации инвестиции акции

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу