Кыргызстанда парламентти таратууга петиция чогултулууда ( парламенттеги депутаттардын санын 35 чейин кыскартуу талабы) Анда депутаттардын санын 35 чейин кыскартуу талабы менен чыгышууда. Учурда 6 миң 380адам добуш берген.
Коомчулук артка чегинбейт. 13-июнда Бишкекте ШКУ саммити өтүп жатса, бул жакта Жогорку Кеңешти таратууу күч алды.
«90%депутаттар эл алдында сүйлөй албайт! Алар Ак үйдүн көзөмөлү менен гана добуш беришет.Мурда Атамбаев, эми Жээнбеков. Иса Өмүркуловго окшоп, «бийликтин арыгын чабуу»...
Кыргызстанда «легендардуу» парламент болгон . Андан кийин«кол баладай» парламент да болгон. бирок, «чимкирикке жеткен эмеспиз» ».
«Чимкирик» парламент – элди уят кылууда!», –деп жазылган петицияда.
Алия Адилова деген белгисиз бирөө петициянын автору болуп чыккан. Бир сааттын ичинде 14 адам добуш берип, парламентти таратуу күч алды.