Айдаркенде жумушчулар үч күндөн бери иш таштоодо

15.05.2019, 14:16 Акчабар
Айдаркенде жумушчулар үч күндөн бери  иш таштоодо

Дүйшөмбү 13-майдан бери Айдаркент ртут комбинатынын жумушчулары нааразычылк акциясына чыгып, ал учурда дагы уланууда. Жумушчулар жергиликтүү депутаттар менен айрым топтордун уран комбинаты жыбылсын деген демилгесине каршы чыгышууда. 

«Айрым күчтөр, анын ичинде «Снижение глобальных и местных экологических рисков, возникающих в связи с добычей первичной ртути в городе Айдаркен» уюму менен биргеликте Кыргызстанды Минамата конвенциясына кошулууга  демилгелеп, комибанттын айланасында негативдүү жагдай жаратып, ишкананы жабууну көздөп жатышат», – деп билдирди  Т. Мурзарахматов.

Инвесторлор, жетекчилик жана эмгек жамааты туруктуу  иштөө боюнча баардык аракеттерди жасап келишет. «Северсталь» ЖЧК инвестициясынан улам, учурда ртути, сурма менен флюоритти өндүрүү ишке киргизилген. Ишканада  400 адам эмгектенет. айлык акы убагында төлөнүп, салыктар дагы өз маалында казынага түшүүдо. Ишканада дагы жаңы иш орундарын түзүп, аны кеңейтүү келечеги бар. 

Жумушчулар өлкөнүн башчысына кайрылып, ишкананы токтоотуга жол бербөөнү өтүнүп келишти.  

«Иш таштоо» акциясы өндүрүшкө таасир этпейт. Акцияга нөөмөттөн бош  жумушчулар катышып, ишканада иш өз  тартибинде уланууда. 

«Комбинатты жабып салуу жакшы эмес. Тескеринче, ишкананын иштеп кетишине салым кошуп, колдоо керек. Өнөр жайды өнүктүрүү  аркылуу гана реалдуу экономикалык өсүүгө жетишсе болот», – деп билдирди тоо-кен казуу жана металлургия тармагы боюнчаКыргызстандын профсоюздар коому.   

Тэги: экономика Хайдарканский ртутный комбинат

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу