2019-жылы май айында Кыргызстандык эмгек мигранттары мекенине $194.3 млн которушкан. Бул тууралуу Улуттук банк билдирет.
Ушул эле маалда Кыргызстандан сыртка $46.4 млн чыгып кеткен. Ошентип, таза акчанын агымы $147.9 млн эгерде аны сомго которсок, 10.3 млрд сом (майдагы курска карата 69.85 сом $ деп эсептелинет).
Апрелге салыштырмалуу акчанын таза агымы $5.4 млн кыскарып, бирок, 2019-жылдын январына караганда $16.8 млн акчанын агымы көбөйгөн.
2019-жылдын 5 ай ичинде эмгек мигранттарынан агылган акчанын көлөмү $725 млн жетти.
Айтмакчы, акчанын агымы адаттагыдай эле, Россиядан көбүрөөк болду — $190.2 млн, ал эми Россияга карайб — $46.2 млн каражат чыгарылган.