Бүгүн «Айыл Банк» 23-жылдык ишмердигин белгилеп жатканда, Кыргызстандагы ири банктын башталыч тарыхына карйылдык. Айыл Банктын башталыч тарыхында турган кызматкерлер эскерип, алар баскан жолду эске салышты.«Айыл Банк» ачык акционердик коомунун Башкармалыгынын төрагасы Бактыбек Шамкеев менен болгон эскерүүнү сунуштайбыз.
1996-жылы күз айларында бир нече баскычтагы тандоодон кийин кадрлар боюнча менеджер болуп кызматка кабыл алындым. Анда биринчи аткаруучу директор болуп Бактыгүл Жеенбаева эле. Биз биринчи менеджерлер банктын башталышында турдук. Анда Кыргыз Өкмөтү койгон талаптарды ишке ашыруу максатында Кыргыз айыл чарба финансы корпорациясын түзүп иштедик.
Эгемендик алганы Кыргызстандын тарыхында айыл чарба тармагын рынок шартында туруктуу тейлеген биринчи финансы –кредиттик уюм уюштурулду.
Жогоруда айткандай кадрлар боюнча менеджер болуп кызматка кирдим. Ал убакта КАФК аткаруучу директор гана Кыргыз Өкмөтүнүн токтому менен бекитилип, калган кызматкерлер тендердик комиссия аркылуу сынактык негизде Өкмөт менен Улуттук банктын өкүлдөрү менен тандалып алынчу. Биринчи болуп, кадрлар боюнча мени тандап алышты. Андан кийин
Кредиттер, финансы боюнча менеджерлер жумушка кабыл алынды. Кредиттер боюнча Таалайбек Жуматаев, финансы менеджери болуп Гүлзар Өмүрзакова келген. Биз үчөөбүз –менеджерлер, аткаруучу директор баардыгыбыз өз багыттарыбыз боюнча ишти баштадык.
Штаттын толук курамын түзүү зарыл эле. Алар үчүн тандоо критерийн түздүк. Кабыл алуу планын иштеп чыгып, Өкмөт менен макулдаштык. Алгач, аймактарга маалыматтык иштерди жүргүзүп, өзүбүз үчүн эң маанилүү 15-20 аймакты тандап алдык. Дал ошол жерлерде кредит берүүнү баштадык. Январда алгачкы 17 кредиттик адисти тандап алдык.
Башкы кеңседе болгону 3-4 кредиттик адис, а калгандары аймактарда фермерлер менен дыйкандардан алгачкы арыздарды кабыл ала башташты. Февралда кредиттик комиссия алынган арыздарды карап баштадык. Кредиттик жана финансы саясатын жазып чыктык. Ошентип, Өкмөттөн алгачкы транш акчаны алдык. Так эсимде жок, 10 млн. сом беле? Айтор, ушундай эле сумма менен иш баштаганбыз.
Эсимде, 1997-жылды кредиттик портфелибизди 33 млн. сом менен жапканбыз. Кредиттик процедураны 1997-жылы мартта өкмөттүн бюджеттик каражаты менен баштап, ошол эле мезгилде Дүйнөлүк Банк менен сүйлөшүп, алардын алгачкы кредиттик линиясы «айылды каржылоо – 1» аркылуу $10 млн. алдык. Аны 1997-жылдын аягында баштап, баардык талаптарды аткардык. Биз жаңы, жаш уюм болгондуктан, баардык эл аралык стандартта айыл чарбасын каржыладык. Аймактардагы филиалдарды, өкүлчүлүктү ачууга, кредиттөө, методология боюнча зор салымды ТАСИС көрсөттү. Кадрларды тандоого, окутууга жана аларды даярдоого өзгөчө көңүл бурулду. Андан кийин КАФК астында өнүктүрүү департаменти түзүлдү. Андан кийин эки кредиттик линяны ачтык: кичи фермердик чарбаларды финансылоо, фермердик чарбаларды каржылоо жана өнүктүрүү. Андан соң, Өнүктүрүү департаментинде иштеп, 2000-жылы айыл чарба министрлигинде Дүйнөлүк банктын айыл чарба долбоорун ишке ашыруу бөлүмүнө иштеп кеттим. Тагдырды караңыз, эми 19-жылдан кийин «Айыл Банкка» Башкармалыктын төрагасы болуп келип олтурам.
Алгачкы кредит берген учур эсимде. Өзүбуз процедураны жазып, критерийди өзүбүз бекитип кайра эле өзүбүз тандоонун критерийлерин аныктаганбыз. Башында, «Айыл Банк», азыркы «Кыргызалтын» жайгашкан имаратта эле. Биринчи кабаттын 4-5 эле бөлмөсүн ээлеп, эки гана үстол бар эле. Кредиттик адистер кезек-кезек менен олтуруп иштөчү. Ким турса, дароо бирөө олтура калып иштейт эле. Тар жерде таарынбай иштеген заман эле.
Биринчи кредиттик досье каралып жаткан. Алгачкы берген кредитибизге кубанып, ар бир кредит берүүнү белгилеп турат элек. Эң кубанычтуусу, алгачкы кредит жабылган учур болду. Ар бир кайтарылган кредитке сүйүнөөр элек. Андыктан, алгачкы жүз кредит, эки жүз анан миң кредит деп эсебин жүргүзүп турдук. 1998-жылы TАСИС аркылуу КАФК уюмунун өнүгүү стратегиясын иштеп чыктык. Аны биз беш күндө даярдаганбыз. Ошондо, 2000-жылы кредиттик портфелибиз канча болот дегенге кредиттик менеджерибиз максимум 500-600 млн. деп болжосо, мен анда миллиард сомго жетет деп билдиргем. Анда кредиттик жана финансы менеджерлер бул мүмкүн эмес деп каршы чыгышкан. Бирок, 2000-жылы мен КАФК кетип жатканда кредиттик портфелибиз 1 млрд. сомго жеткен.
Бул менин жашоомдогу эң маанилүү басыкч. КАФК аркылуу финансы чөйрөсүнө профессионалдуу аралашкан алгачкы уюм болду. Алтургай азыр дагы эмгектенип жатам. Эл аралык долбоорлордо иштеп жатып, бул багытта өсөрүмдү сезип журдүм. Айыл банкка келишим дагы бир кандайдыр бир сандык сырларга байланыштуубу деп калам. 2000-жылы 6-июнда КАФК кетсем, кайра 2019-жылы 6-июнда КР премьер-министри тарабынан Айыл банкка сунуштамага кол койду. Таңкалыштуу, дал келүү. Буга чейин топтогон тажрыйбам, билимим менен кайрадан Айыл банкка төрага болуп келишим, мен үчүн чоң сыймык жана жоопкерчилик. Качандыр бир кезде негиздеген уюмга моралдык жоопкерчиликтүүмүн деген ойдомун.