Венгрия менен Кыргызстан энергетика жаатында кызматташышы мүмкүн

16.01.2020, 09:15 Акчабар
Венгрия менен Кыргызстан энергетика жаатында кызматташышы мүмкүн

2020-жылдын 13-январында КРнын Венгриядагы элчиси Бакыт Жусупов ушул өлкөдө аккредитацияланган элчилер менен бирге жыл сайын уюштурулган Венгриянын президенти Янош Адер менен жолугушууга катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Будапештке болгон иш сапардын жүрүшүндө элчи Б.Жусупов Венгриянын Тышкы иштер жана соода министрлигинин Чыгыш Европа, Россия жана Орто Азия департаментинин директору Е.Кудрявцев менен жолугуп, эки тараптуу жана көп тараптуу мамилелердин күн тартибиндеги маселелер тууралуу сүйлөштү. Айрыкча, соода-экономикалык кызматташууну активдештирүүгө жана укуктук базаны кеңейтүүгө өзгөчө басым жасалды.

Ушул эле күнү, Zeolit Hungary жана Ganz EEM, LLC компанияларында жолугушуулар болду. Zeolit Hungary компаниясы суудан аммоний азотун, радионуклиддерди жана нефтпродуктыларын бөлүүдө, оор металлдардын кошулушунда колдонула турган цеолитти жеткирүү менен алектенет. Ѳз учурунда, аталган минерал Чернобыль АЭСинде болгон авариядан кийин активдүү колдонулган. Тараптар Кыргызстандын аймагындагы туюк каптардын (хвостохранилищ) маселелерин чечүүдө биргелешип иштөө тууралуу талкуулашты.

Ganz EEM, LLC компаниясы Венгриядагы насос жана түтүк өндүрүүчү, ошондой эле кичиГЭС куруучу алдыңкы компания болуп эсептелет. Жолугушуунун жыйынтыгында компаниянын жетекчилери КРда гидроэнергетикалык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендигин билдиришти.

Тэги: Венгрия Кыргызстан бирге кызматташуу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу