2019-жылдын жарымында Xiaomi смартфону эң өтүмдүү болду. Россиянын интернет- дүкөндөрү аркылуу 22% сатууну камтып, сатылуунун саны боюнча алдыга чыккан. Бул тууралуу «Коммерсантъ» билдирүүдө.
Экинчи жана үчүнчү орунда — Honor менен Huawei (эки бренд тең кытайларга Huawei Technologies тиешелүү). Бул смартфондор 19.5% жана 8.5% сатууда ээлешкен ( жайгашуусуна жараша). Бул маалыматты «М.Видео-Эльдорадо» да тастыктаган.
Ошентип, Xiaomi, Huawei менен Honor смартфондорун сатуудагы жалпы киреше 50% өсүп, бул — 2018-жылдын дал ушул мезгилине салыштырсак, абдан жогору.
Xiaomi смартфону биринчи жолу Россиядагы онлайн- соодада алдынкы позицияга чыкты. Ал 2018-жылы март айында Apple басып өтүп, бир айдан кийин андан төмөн түшкөн. Ал эми оф-лайн сатууда Xiaomi бешинчи орунда турат.
«М.Видео-Эльдорадо» компаниясы дагы 2019-жылы 2 млн смартфон сатылып, анын жалпы суммасы 42 млярд рублга жеткен. Ал эми онлайн-сатууда рекорддук 20% чекке жетти, ал эми баардык сатылган каражаттардын 16% түзгөн.