Уранга чалгындоо жана казууга мораторий киргизлгенине байланыштуу Кыргызстан 17 кен казуучу компанияларга компенсация үчүн $1.5 млрддан $4 млрдга чейин төлөшү керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин профилдик комитетинде ишкерлер Кеңешинин директору Эрлан Ерешеев билдирди.
Анын айтымында экологияны коргойбуз деген ызы-чуу менен экономиканын бүтүндөй бир тармагы жок болуу алдына турат.
«Кооптуу деген пикирлер коркунучтуу эмес жана далилсиз», —деп билдирди Ерешеев.
Буга чейин «Акчабар» депутаттардын бул чечими Кыргызстан үчүн миллиондогон чыгашаларга алып келээри ( многомиллионным искам) тууралуу билдиргенбиз.
Эскерте кетели, 2-июнда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев буйрукка кол (подписал распоряжение) койгон, ага ылайык уранды чалгындоо, казууга жана иштетүүгө тыюу салынган. Тыюу салуу бир гана уран калдыктарын рекультивация жасоого жана тоодогу радиоактивдүү элементтерди жок кылууга тиешелүү эмес.