"Абдыш-Ата" ЖЧКсына энергетикалык суусундуктардын жарнамасын тараткандыгы үчүн айып пул салынды. Бул тууралуу Монополияга каршы кызматы билдирди.
Маалым болгондой, аталган кызматка Бишкектеги азык-түлүк дүкөндөрүнүн биринде Nitro энергетикалык суусундуктарынын тышкы жарнактары таратылып жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.
"Бул мыйзам бузуу болуп саналат. Тышкы жарнамада энергетикалык суусундуктардын жарнактары таркатылбашы керек. "Абдыш-Ата" ЖЧКсына айып салуу боюнча токтом чыгарылды", - деп билдирди Монополияга каршы орган.