Абылгазиев: Биз аймактарды өнүктүрүүдө сезилерлик жылыштарга жетишүүгө тийишпиз

29.08.2019, 15:07 Акчабар
Абылгазиев: Биз аймактарды өнүктүрүүдө сезилерлик жылыштарга жетишүүгө тийишпиз

КР премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн өлкөнүн облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен кеңешме өткөрүп, өкмөттүк программаларды сапаттуу ишке ашыруу үчүн аймактарды өнүктүрүү иштерин күчөтүүнү талап кылды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Премьер-министр ошондой эле өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн жана Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду, «Кепилдик фонду» ААК, «Айыл Банк» ААК жана «РСК Банк» ААК сыяктуу финансы институттарынын өз ара натыйжалуу аракеттенүүсүнүн маанилүүлүгүн баса көрсөттү.

«Аймактардагы ишкерлерге финансы институттарынан тиешелүү консультацияларды, сунуштамаларды, насыялык каражаттарды алууга колдоо көрсөткүлө жана аракеттешкиле. Бизнес долбоорлорго республикалык бюджеттен бөлүнгөн 2 млрд сомду болушунча натыйжалуу өздөштүрүү иштерин дагы күчөтүү зарыл. Өкмөт кошумча каржы булактарын табып, аларды аймактарды өнүктүрүүгө, дыйкандарыбыз жана фермерлерибиз үчүн жумшоону мындан ары карай да улантат.  Мунун баары аймактарды өнүктүрүүдө сезилерлик жылыштарга жетишүүгө жана адамдардын жашоо деңгээлин жакшыртууга шарт түзөт», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Жыйындын жүрүшүндө өкмөт башчы жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары – райондордун акимдеринин ыйгарым укуктарын күчтөндүрүүгө багытталган мыйзам долбоорун илгерилетүү иштерин активдештирүүнү жана жарандарга түшүндүрүү чараларын күчөтүүнү тапшырды.

Тэги: регионы встреча развитие регионов

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу