Премьер-министр ишкерликти колдоонун пакетин иштеп чыгууну тапшырды

10.04.2020, 10:25 Акчабар
Премьер-министр ишкерликти колдоонун пакетин иштеп чыгууну тапшырды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев экономикалык ишмердүүлүктү калыбына келтирүү маселеси боюнча кеңешме өткөрүп, ишкерликти колдоонун кошумча чараларын иштеп чыгууну тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Буга чейин кабыл алынган Өкмөттүн биринчи кезектеги чаралар планы өзгөчө абал режими маалында бизнести сактап калуу жана ишканалардын банкрот болушуна жол бербөөгө багытталган финансы жана салыктык мүнөздөгү кечиктирилгис чаралардын тизмесин камтыйт. 

«Кабыл алынган чечимдердин көпчүлүк бөлүгү бизнеске салыктык милдеттемелери, отчет берүү жана насыяларды төлөө боюнча өздөрүнүн пландарын жакынкы аралыкта өзгөртүүгө мүмкүндүк берди. Тилекке каршы, бардык жоготууларды жабуу үчүн өлкөбүз ири ресурстарга ээ эместигин баарыбыз түшүнүп турабыз. Бирок биз бардык күч-аракеттерди жумшоого тийишпиз. Ушул жана кийинки жума инфекциянын жайылуусуна каршы күрөшүүдө эң маанилүү. Буга байланыштуу жарандарыбыздан сабырдуу жана жоопкерчиликтүү болууну өтүнөм», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев. 

Муну менен бирге премьер-министр, экономикалык активдүүлүктү жандандыруу үчүн бизнести кошумча колдоо жана экономиканы узак мөөнөттүү жана арзан насыялык ресурстар менен камсыздоо зарыл экендигин белгиледи. 

«Биз мамлекеттик органдардын жана мамлекеттик компаниялардын чыгымдарын олуттуу кыскартууларга барышыбыз керек. Биздин башкы милдетибиз - жарандардын алдындагы бардык социалдык милдеттенмелерди толук көлөмдө жана өз убагында аткаруу жана бизнести колдоо», - деп баса көрсөттү өкмөт башчы. 

Президент ишкерликти алдыга жылдыруу боюнча финансылык жардам тартуу үчүн эл аралык финансы институттары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. 

Бүгүнкү күндө өкмөт ишканаларды экономикалык жана финансылык колдоонун системалуу чараларын түзүүнүн, финансы системасын жакшыртууну ошондой эле чакан жана орто бизнести колдоонун үстүндө иштеп жатат. 

Маалыматка ылайык, өкмөт тараптан учурда кыска жана орто мөөнөткө ишкерликти колдоо боюнча чаралардын пакетин бекитүү пландалууда. Экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүүгө багытталган чаралардын пакетин иштелип жатат.

 

«Жакынкы убакыт аралыгында бардык сунушталган чараларды толуктап иштеп чыгып, Кыргыз Республикасынын экономикасын колдоо боюнча иш-чаралардын экинчи пакетин бекитүү керек», - деп жазылат билдирүүдө. 

 

 

 

Тэги: пакет мер предприниматели премьер-министр

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу