Премьер-министр өкмөттүн жайкы пландары жөнүндө айтып берди

23.05.2020, 10:20 Акчабар
Премьер-министр өкмөттүн жайкы пландары жөнүндө айтып берди

Бир айдан соң парламент каникулга кетет. Буга катар бизде жайы бою чечүүнү талап кылган көптөгөн маселелер бар. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жумушчу кеңешмеде билдирди. 

 

 

Өкмөт башчы эскерткендей, парламенттин чечимин талап кылган бардык маселелер боюнча тийиштүү документтер даярдалып, депутаттарга сунушталышы керек.

Мисалга, кенди чыгаруу, аткезчилик менен күрөшүү үчүн акциздик салыкты киргизүү, амнистия берүү шарттарын кайрадан кароо, салык жана социалдык төлөм нормалары, мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү маселеси, туристтик тармак түзүмүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү, Манас аэропортунун ишмердүүлүгү боюнча маселелер бар. Бүгүнкү күндөгү маанилүү милдеттин бири – жумушсуздук маселесин чечүү. Убактылуу жумушсуз жарандарды коомдук иштерге тартуу маселесин иликтөө сунушталууда», - деп билдирди өкмөт башчы. 

 

Муну менен бирге Премьер-министр белгилегендей, Өкмөттүн алдында башка да маанилүү милдеттер турат. 

«COVID-19 менен күрөшүүдө чакан жана орто бизнес абдан жабыркады. Бюджеттин басымдуу бөлүгү ишкерликтен түшөрүн эске алуу менен биз аны колдоого каражаттарды издеп жатабыз. Бул өтө төмөн пайыз менен ар кыл ресурстардан 40 млрд сомдун тегерегиндеги каражат. Мындан тышкары биз мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында пландалган 44 долбоорду аяктоого, 40 айыл өкмөтүн дотациядан чыгарууга тийишпиз. Эң башкысы - фискалдаштыруу системасын киргизүү. Ушунун баары бизнести көмүскөдөн чыгарууга, аткезчиликти азайтууга жана бюджетти толтурууга шарт түзөт», - деп баса көрсөттү Премьер-министр. 

Ал ошондой эле Өкмөттүн мүчөлөрүнө бардык багыттар боюнча иштерди күчөтүүнү айтты.

 

Тэги: вопросы лето планы правительства

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу