Ага Хан фонду жана USAID бизнеси жабыркаган ишкерлерге 21 млн сом бөлүп берет

09.04.2021, 16:00 Акчабар
Ага Хан фонду жана USAID бизнеси жабыркаган ишкерлерге 21 млн сом бөлүп берет

Ага Хан фонду жана USAID коронавирус пандемиясынан бизнеси жабыркаган ишкерлерге 21 млн сом бөлүп берет. Бул тууралуу Ага Хан фондунан билдиришти. 

 

Маалыматка ылайык, жардам пандемия убагында пайда болгон кризистен кыйла жабыркаган 700 кичи жана орто бизнес өкүлдөрүнө берилет. Буга айыл чарба, мал чарбачылык, соода тармагы жана тейлөө тармагы кирет. Бизнесин калыбына келтирип, өнүктүрүү үчүн катышуучулар насыя каражатын алып, мындан тышкары бизнесин өркүндөтүү үчүн насыя суммасынан 20 пайызга чейинки грант ала алышат.

Мындан тышкары, кардарларды тартуучу каналдар ачылып, аларды тейлөөчү жаңы мобилдик тиркеме дагы иштелип чыгат.

 

Фонддон белгилеп кетишкендей, ишкерлерге болгон жардам кыргыз өкмөтүнүн аракеттерине кошумча көмөк болуп эсептелинет.

 

 

Тэги: Ага Хан фонд USAID

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу