Ага Хан фонду KICB банктын 11,9% акциясын сатып алып, эң чоң акционерине айланды

06.02.2020, 09:30 Акчабар
Ага Хан фонду KICB банктын 11,9% акциясын сатып алып, эң чоң акционерине айланды

Ага Хан экономикалык өнүктүрүү фонду (AKFED) KICBнин акцияларынын 11,999 пайызын сатып алып, анын эң чоң акионерине айланды. Бул тууралуу аталган банктан кабарлашты.

AKFED Эл аралык каржы корпорациясынын (IFC) 7 миң же 4 пайыз акциясын, Немис Инвестициялар жана Өнүктүрүү боюнча корпорациясынан (DEG) жана Европалык Реконструкция жана Өнүктүрүү банкынан 3,999 пайыз (6 миң 999 даана) акциясын сатып алган.

Ушуну менен, бүгүнкү күндө KICB акцияларынын басымдуу бөлүгү Ага Хан Экономикалык өнүктүрүү фондуна таандык, ал 48,001 пайызды же 84 миң 1 даана акцияны түзөт, андан кийин 18 пайыз  же 31,5 миң даана акциясы менен Хабиб Банк Лимитед турат, ал эми үчүнчү орунда 10 пайыз же 17,5 миң даана акциясы менен Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду турат.

Кичи үлүштө 8 пайыз же 14 миң даана акциясы менен Немис Инвестициялар жана Өнүктүрүү боюнча корпорациясы жана Эл аралык каржы корпорациясына таандык. Ал эми Европалык Реконструкция жана Өнүктүрүү Банкынын 7,999 пайыз же 13 миң 999 даана акциясы бар.

Тэги: Ага Хан Фонду KICB акциялар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу