«Айыл Банк» фермерлер үчүн атайын тиркеме иштеп чыгууга грант алды

15.04.2021, 09:42 Акчабар
«Айыл Банк» фермерлер үчүн атайын тиркеме иштеп чыгууга грант алды

«Айыл Банк» Кыргызстандын фермерлери үчүн санарип банк өнүмүн иштеп чыгуу үчүн грант алды. 14-апрелде каржы институту менен Кыргызстандын Банктар Бирлигинин ортосунда гранттык келишимге кол коюлгандыгы тууралуу «Айыл Банктын» сайтында маалымдалды.

«Базарларга кирүүнү камсыз кылуу» долбоору дыйкандар менен электрондук байланышты өркүндөтүүгө багытталган банктык санариптик каржы өнүмдөрүн өнүктүрүүнү каржылайт.

«Айыл Банктын» максаты - дыйкандарды республиканын бардык аймагындагы, ЕАЭБ мейкиндигиндеги жана Кыргызстан менен тыгыз соода мамилелери бар жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөгү өнөр жай жана соода ишканаларына кошуу үчүн адилеттүү соода аянтчасын түзүү.

Кошумчалай кетсек, долбоорду аяктоо үчүн грант алуучуга алты ай убакыт берилет.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу