«Манас» аэропортунун акциялары жогорулоодо

22.11.2021, 17:44 Акчабар
«Манас» аэропортунун акциялары жогорулоодо

Соодалардын жыйынтыгында 22-ноябрда Кыргыз фондулук биржасынын системасында “Манас” аэропортунун акциялары менен бир бүтүм катталды. Бул тууралуу биржанын сайтында маалымдалды.

Акционер компаниянын 100 баалуу кагазын 71 миң сомго, бир акциясын 710 сомдон саткан. Ошентип, аба портунун баалуу кагаздары кайрадан баа рекордун койду. Алсак, өткөн жумага салыштырмалуу “Манас” ААКнын акциялары 24,2%га, ал эми жыл башынан бери 118,5%га өскөн.

Эске салсак, акциялардын наркынын жогорулашы Kыргыз фондулук биржанын индексине оң таасирин тийгизип, биржа индекстин тарыхый рекордун экинчи жолу жаңыртып, 1180 баллдык чекти жаңылады.

 

 

Тэги: акции аэропорт Манас фондовый рынок Кыргызская фондовая биржа

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу