Кыргызстанда эмгек акыны төлөбөө жана жумуштан бошотуу негизги көйгөй

29.04.2024, 12:12 Акчабар
Кыргызстанда эмгек акыны төлөбөө жана жумуштан бошотуу негизги көйгөй

Кыргызстанда эмгек укуктарынын негизги бузулушу - эмгек акынын төлөнбөгөнү жана жумуштан негизсиз бошотуу болуп саналат. Бул тууралуу Эмгек министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматынын директору Чолпонкул Мадьяров билдирди.

Анын айтымында, жыл башынан бери эмгекти коргоо боюнча 266 текшерүү жүргүзүлүп, 38 өндүрүштүк кырсык иликтенди. Бул эмгекти жана кызматкерлердин укуктарын коргоого мамлекеттик көзөмөлдүн кыйла күчөтүлгөндүгүн айгинелейт.

“Көбүнчө жаракат алуу курулуш жана тоо-кен тармагында болот. Ошол эле учурда биздин кызматтын аракетинин аркасында жабырлануучулар мыйзам талап кылган компенсацияны көбүрөөк алууда. Демек, 2018-жылы компенсациянын жалпы суммасы болгону 5 млн сомду түзсө, былтыр бул сумма 123 млн сомду түзгөн”, - деди ал.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу