«Кыргызнефтегаз» акциялары КФБнын листингине «В» категориясына кирди

04.05.2023, 16:32 Акчабар
«Кыргызнефтегаз» акциялары КФБнын листингине «В» категориясына кирди

"Кыргызнефтегаз" ААКсынын акциялары "В" категориясы боюнча Кыргыз фондулук биржасынын расмий листингине киргизилди. Мындай чечим бүгүн биржанын листингдик комитетинин жыйынында кабыл алынды.

Белгилеп кетсек, “Кыргызнефтегаздын” акциялары менен акыркы бүтүмдөрдүн баасы 250 сом болгон.

"Акыркы жылдары компаниянын дивиденддери туруктуу темп менен өсүүдө. Дивиденддердин көлөмүнүн өсүшү байкалууда, бул акционерлердин жыргалчылыгына эң жакшы таасирин тийгизет. Белгилүү болгондой, дивиденддердин көптүгүнө байланыштуу компаниялардын акциялары суроо-талапка ээ болуп, баасы өсүүдө. Ал эми ийгиликтүү өнүгүп келе жаткан же түзүлгөн компаниялар жакшы дивиденддерди төлөй алышат”, - деп белгиледи Kыргыз фондулук биржа.

Дивиденддердин суммасы:

  • 2022-жылы бир акцияга 35,4 сом чегерилген;
  • 2021-жылга эсептелген акцияга 25,92 сом;
  • 2020-жылга чегерилген 10,4 сом;
  • 2019-жылы 13,6 сом кошулган.

Тэги: новости Кыргызстана Кыргызнефтегаз листинг КФБ

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу