Бир күн мурун, 20-мартта Кыргыз фондулук биржа системасында “Кыргызнефтегаз” ААКнын акциялары менен үч бүтүм катталды.
Анда жалпысынан “Кыргызнефтегаздын” 3 миң 596 жөнөкөй акциясы сатылды. Бир нускасынын баасы 265 сомду түзгөн. Ошентип бүтүмдүн жалпы суммасы 952 миң 940 миң сом болду.
Эске салсак, буга чейин 12-мартта "Кыргызнефтегаздын" 1 миң 950 жөнөкөй акциясы 526,5 миң сомго 270 сомдон сатылган.