2024-жылдын январь-апрель айларында пенсияларды каржылоо 28,8 млрд сомду түзүп, былтыркы жылдын биринчи төрт айына салыштырмалуу 5,1 млрд сомго көбөйдү. Бул тууралуу Социалдык фонд билдирди.
Мында пенсиянын жалпы көлөмү эң көп Бишкек шаарында (+979,2 млн сом), эң азы Ош шаарында (+195,6 млн сом) өскөн.